Commons:Administrators/ky
Shortcuts: COM:A • COM:ADMIN • COM:SYSOP
Category:Commons guidelines/ky
Бул баракча администраторлордун (кээде админдер же sysop деп да аталат) Wikimedia Commons’тагы ролу тууралуу түшүндүрөт. Эскерте кетсек, администраторлордун милдеттери жана дайындалуу тартиби башка сайттардан айырмаланышы мүмкүн.
Эгер сизге администратордун жардамы керек болсо, Администраторлордун билдирүү тактасына кайрылсаңыз болот.
Учурда Викиказынада 179 администратор бар.
Администратор деген эмне?
Administrators as of июль 2025 Listing by: Language • Date • Activity [+/−] |
Number of Admins: 179
If 179 is not the last number on this list, there may be an error or there are some users assigned temporarily. |
Техникалык
Администраторлор — бул Викиказынада төмөнкү техникалык мүмкүнчүлүктөргө ээ колдонуучулар:
- сүрөттөрдү жана башка жүктөлгөн файлдарды өчүрүү жана кайра калыбына келтирүү, ошондой эле өчүрүлгөн версияларды көрүү жана калыбына келтирүү
- беттерди өчүрүү жана кайра калыбына келтирүү, ошондой эле өчүрүлгөн өзгөртүүлөрдү көрүү жана калыбына келтирүү
- беттерди коргоо жана коргоосун алуу, ошондой эле админ тарабынан корголгон беттерди түзөтүү
- колдонуучуларды, жекече IP даректерди жана IP диапазондорун бөгөттөө жана бөгөттөн чыгаруу
- чектөөсүз интерфейс билдирүүлөрүн түзөтүү (ошондой эле караңыз: Commons:Interface administrators)
- файлдардын атын өзгөртүү
- колдонуучулардын топторун кошуу жана алып салуу
- Жүктөө Мастерин (Upload Wizard) кампанияларын жөндөө
- журнал жазууларын жана барак версияларын өчүрүү жана кайра калыбына келтирүү
- башка викилерден беттерди импорттоо
- барак тарыхын бириктирүү
- терс аракеттерди бөгөттөөчү чыпкаларды өзгөртүү
- барактарды көчүргөндө баштапкы барактан багыттамалар түзүлбөшү үчүн
- аталыштарды же колдонуучу аттарын кара тизмеден өткөрүп жиберүү
- бир убакта бир нече колдонуучуга билдирүү жөнөтүү (massmessage)
- API суроолорунда жогорку чектерди колдонуу
Булар жалпы жонунан админ куралдары катары белгилүү.
Жамааттык ролу
Администраторлор Викиказына жамаатынын тажрыйбалуу жана ишенимдүү мүчөлөрү, алар кошумча тейлөө иштерин өз мойнуна алышкан жана жамааттык макулдашуу же добуш берүү аркылуу админдик куралдарга ээ болушкан. Ар бир админдин кызыккан тармактары жана адистиги ар башка болушу мүмкүн, бирок адатта аткарылуучу админдик иштерге төмөнкүлөр кирет: өчүрүү боюнча сунуштарды карап чыгып, чечим кабыл алуу жана жабуу, автордук укукту бузган файлдарды өчүрүү, зарыл учурда файлдарды кайра калыбына келтирүү, Викиказынаны вандализмден коргоо, калыптар жана башка корголгон барактар менен иштөө. Албетте, бул иштердин айрымдарын админ болбогон колдонуучулар да аткара алышат.
Администраторлор бул долбоордун максаттарын түшүнүшү жана ошол максаттарга жетүү үчүн башкалар менен конструктивдүү кызматташууга даяр болушу күтүлөт. Ошондой эле, администраторлор Викиказынанын эреже-талаптарын түшүнүп, аларды сакташы керек жана зарыл учурда жамааттын жалпы макулдашкан чечимин сыйлоосу шарт.
Админдик куралдарды колдонуу талап кылынган ролдордон тышкары, администраторлордун өз позициясынан улам эч кандай өзгөчө редакциялык ыйгарым укуктары жок. Талкууларда жана коомдук добуш берүүлөрдө алардын пикирлери кадимки кадыресе катышуучу сыяктуу эле каралат. Айрым администраторлор жамаат арасында көбүрөөк таасирге ээ болушу мүмкүн, бирок бул алардын кызматынан эмес, жамааттын аларга болгон жеке ишениминен улам болот.Админдик куралдарды колдонуу талап кылынган ролдордон тышкары, администраторлордун өз позициясынан улам эч кандай өзгөчө редакциялык ыйгарым укуктары жок. Талкууларда жана коомдук добуш берүүлөрдө алардын пикирлери кадимки кадыресе катышуучу сыяктуу эле каралат. Айрым администраторлор жамаат арасында көбүрөөк таасирге ээ болушу мүмкүн, бирок бул алардын кызматынан эмес, жамааттын аларга болгон жеке ишениминен улам болот.
Администраторлор үчүн сунуштар
Сураныч, Commons:Администратор болуу боюнча колдонмону окуп чыгыңыз.
Администратор укуктарын алуу
Админ укуктарын алуу саясатына ылайык, администратор укуктары активдүүлүктүн жоктугунан же админдик куралдарды туура эмес пайдалангандыктан алып салынышы мүмкүн. Админ укуктарын алып салуу тууралуу сунушта (de-admin талабы) кадимки RfA (админ болуу үчүн добуш берүү) учурунда колдонулуучу макулдук стандарттары колдонулбайт. Анын ордуна «көпчүлүктүн макулдугу» принципи колдонулат, мында админ укуктарын алуу боюнча 50%дан жогору болгон макулдук жетиштүү деп эсептелет.
Администратор болууга арыз берүү
Администратор болууну каалагандардын бардыгы бул процесстен өтүшү жана өз талапкерлигин RFA (администраторлукка талапкерлик) барагында көрсөтүшү керек. Бул талап мурда админ болуп иштеп, кайрадан ошол ролго кайтууну каалагандарга да тиешелүү.
Адегенде Commons:Administrators/Howto бетине өтүп, ал жактагы маалымат менен таанышып чыгыңыз. Андан кийин бул жерге кайтып келип, төмөндөгү бөлүмдө өз өтүнмөңүздү калтырыңыз.
- Тиешелүү баскычты басып, кошумча баракты түзгөндөн кийин, мисалы, “
«Commons:Administrators/Requests/Username» сыяктуу кошумча барактын шилтемесин көчүрүп алыңыз, андан соң Commons:Administrators/Requests барагын түзөтүп, шилтемени бөлүмдүн башына кошуп коюңуз. Андан кийин аны кош ирээт ийри кашааларга (мисалы, {{Commons:Administrators/Requests/Username}}) коюп, трансляция кылыңыз. Көз салуу тизмеси (watchlist) жөнүндө эскертүү берүүнү MediaWiki talk:WatchlistNotice барагында сураныңыз же эгер сиз администратор болсоңуз, түздөн-түз MediaWiki:WatchlistNotice барагын түзөтүп, эскертүү кошуңуз.
- Эгер сизди башка бирөө көрсөтсө, анда талапкерлигиңизди кабыл алгандыгыңызды «Кабыл алам» же ушул сыяктуу билдирүү менен айтып, көрсөтүүнүн астына кол коюңуз. Кошумча барак дагы эле сиз же сизди көрсөткөн адам тарабынан трансляцияланууга тийиш.
Төмөндөгү кутучаны колдонуңуз, Username дегенди өз колдонуучу атыңызга алмаштырыңыз: |
Добуш берүү
Катталган колдонуучулардын баары бул жерден добуш бере алышат, бирок мурда эч кандай же абдан аз оңдоолору барлардын добуштары толук эске алынбай калышы мүмкүн. Колдоо же Каршы добуш берсеңиз, себептерин көрсөтүү сунушталат, анткени бул чечим кабыл алып жаткан бюрократ үчүн жардам берет. Жөн гана добуш бергенге караганда, негиздүү аргумент (зарыл болсо, далилдер менен) көбүрөөк салмакка ээ болот.
Көбүнчө дайындалуу үчүн эң аз дегенде 75% колдоо жана жок дегенде 8 колдоочу добуш талап кылынат. Катталбаган колдонуучулардын добуштары эсепке алынбайт. Бирок акыркы чечимди чыгаруучу бюрократ коомчулуктун пикир биримдигин өз алдынча баалоо укугуна ээ жана чечим сөзсүз түрдө сандарга гана негизделбейт. Эгер коомчулуктун пикирин так аныктоого жардам берет деп эсептесе, бюрократ RfA мөөнөтүн өз каалоосу менен узарта алат.
Neutral комментарийлери өткөрүү/өтпөй калуу пайыздарын эсептөөдө добуштардын жалпы санына кошулбайт. Бирок мындай комментарийлер талкуунун бир бөлүгү болуп саналат, башкаларды ынандырышы мүмкүн жана бюрократтын коомдук пикир биримдигин түшүнүүсүнө салым кошот.
Кэшти тазалоо Төмөндө жайгашкан түзөтүү шилтемесин колдонуп, трансляцияланган баракты түзөтүңүз.
Requests for adminship
When complete, pages listed here should be archived to Commons:Administrators/Archive.
- Please read Commons:Administrators before voting here. Any logged in user may vote although those who have few or no previous edits may not be fully counted.
No current requests.
Requests for bureaucratship
When complete, pages listed here should be archived to Commons:Bureaucrats/Archive.
- Please read Commons:Bureaucrats before posting or voting here. Any logged in user may vote although those who have few or no previous edits may not be fully counted.
No current requests.
Requests for CheckUser rights
When complete, pages listed here should be archived to Commons:Checkusers/Archive.
- Please read Commons:Checkusers before posting or voting here. Any logged in user may vote although those who have few or no previous edits may not be fully counted.
No current requests.
Requests for Oversight rights
When complete, pages listed here should be archived to Commons:Oversighters/Archive.
- Please read Commons:Oversighters before voting here. Any logged in user may vote, although those who have few or no previous edits may not be fully counted.
No current requests.
Тапшырмалар
Караңыз дагы
- Commons:User access levels
- Commons:Administrators/Inactivity section
- Commons:Administrators/Nominations
- Commons:Administrators' noticeboard